“Манас” радиосунун кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын эстрада жылдызы Назми Байзаковаболду.
Убагында“Назми&Сапар” дуэт тобунунөзгөчө“Эсимде”аттуучыгармасы эл оозунан түшпөй ырдалып келген. Биздин радиобуздун “Автопортрет” уктуруусунда “Назми&Сапар” дуэтинин чырайлуу ырчысы Назмиайым, бир саат алкагында угармандар менен кызуу маек курду. “Азыркы учурда сахнадан алыстасам дагы, чыгармачылыктан алыстадым деп айтаалбайм. Себеби ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып эмгектенүүдөмүн. Бирок, албеттеүй-бүлөмө да көңүл бөлүүгө аракет кылып жатам. Кантсе дагы чыгармачылыктан башка, өзүмдүн энелик жана жубайлык милдетимди да аткарышым керек. Негизи эле аял затынын үй-бүлөдөгү орду өтө маанилүү, аял – кожойке, ашпозчу, кеңешчи дегендей. Аял –үй-бүлөнүн негизги кардиналы. Ал эми, алдыда болсо жаңы ырларымды жаздырып, жай айларында отчеттук концерт берүүгө даярдануудамын. Концертте күйөрмандарды шоу менен эмес, жандуу музыка, жандуу аткаруу менен кубантам деген ишеничтемин.”- деп, билдирди Назми айым.
Бир эле убакта бирөөнүн сүйүктүү жары, 3 кыз, 1 уулдун энеси жана күйөрмандардын жүрөгүнөн орун алган ырчы айымыбыз, Назми Байзаковага алтындай убактысы учун терең ыраазычылык! Жана ошондой эле алдыдагы иштеринеийгилик демекчибиз.
Жазган: Жоомарт Шайдылдаев