Назми: “Аял –үй-бүлөнүннегизги кардиналы” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Назми: “Аял –үй-бүлөнүннегизги кардиналы”

“Манас” радиосунун кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын эстрада жылдызы Назми Байзаковаболду.



Убагында“Назми&Сапар” дуэт тобунунөзгөчө“Эсимде”аттуучыгармасы эл оозунан түшпөй ырдалып келген. Биздин радиобуздун “Автопортрет” уктуруусунда “Назми&Сапар” дуэтинин чырайлуу  ырчысы Назмиайым, бир саат алкагында угармандар менен кызуу маек курду. “Азыркы учурда сахнадан алыстасам дагы, чыгармачылыктан алыстадым деп айтаалбайм.  Себеби ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып эмгектенүүдөмүн.  Бирок, албеттеүй-бүлөмө да көңүл бөлүүгө аракет кылып жатам. Кантсе дагы чыгармачылыктан башка, өзүмдүн энелик жана жубайлык милдетимди  да аткарышым керек. Негизи эле аял затынын үй-бүлөдөгү  орду өтө маанилүү,  аял – кожойке, ашпозчу, кеңешчи дегендей.  Аял –үй-бүлөнүн негизги кардиналы.  Ал эми, алдыда болсо жаңы ырларымды жаздырып,  жай айларында отчеттук  концерт берүүгө даярдануудамын. Концертте күйөрмандарды  шоу менен эмес, жандуу музыка, жандуу аткаруу менен кубантам деген ишеничтемин.”- деп, билдирди Назми айым.

Бир эле убакта бирөөнүн сүйүктүү жары, 3 кыз, 1 уулдун энеси жана күйөрмандардын жүрөгүнөн орун алган ырчы айымыбыз, Назми Байзаковага алтындай убактысы учун терең ыраазычылык! Жана ошондой эле алдыдагы иштеринеийгилик демекчибиз.

Жазган: Жоомарт Шайдылдаев

Назми: “Аял –үй-бүлөнүннегизги кардиналы”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться