Ага окутуучу Бообекова тарабынан даярдалган семинар өттү.
Гуманитардык факультеттин Педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу Кадиян Бообекова тарабынан даярдалган «Студенттердин билимин өлчөө жана баалоонун методикасы» аттуу семинар үстүбүздөгү жылдын 12-январында Экономика жана башкаруу факультетинин имаратында А-209-дарсканада өттү.
Семинарда ага окутуучу Кадиян Бообекова студенттердин өз алдынча иштеринин деңгээлдерин баалоонун критерийлери жана алардын максаттуу окуу процессинде билимдерин белгилүү көрсөткүчтөр менен өлчөө ыкмалары тууралуу маалымат берди.