Главная > Университет > Семинар: «Студенттердин билимин өлчөө жана баалоонун методикасы»
Семинар: «Студенттердин билимин өлчөө жана баалоонун методикасы»24 января, 15:42. Разместил: bn |
Гуманитардык факультеттин Педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу Кадиян Бообекова тарабынан даярдалган «Студенттердин билимин өлчөө жана баалоонун методикасы» аттуу семинар үстүбүздөгү жылдын 12-январында Экономика жана башкаруу факультетинин имаратында А-209-дарсканада өттү. Семинарда ага окутуучу Кадиян Бообекова студенттердин өз алдынча иштеринин деңгээлдерин баалоонун критерийлери жана алардын максаттуу окуу процессинде билимдерин белгилүү көрсөткүчтөр менен өлчөө ыкмалары тууралуу маалымат берди. Вернуться назад |