Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды

КТМУнун ректорлугу тарабынан жаӊы келген окутуучуларга кечки сый тамак уюштурулду.



17-октябрь күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетине жаңы келген академиялык кызматкерлер менен таанышуу кечеси уюштурулду.

КТМУнун Ректораты тарабынан уюштурулган таанышуу кечесине университет жетекчилери, жаңы келген кызматкерлер, факультет декандары катышты.

Окуу жайыбыздын академиялык жаатында күн сайын жаңы бир жетишкендик, жаңы бир ийгиликтер орун алып жатканын баса белгилеген ректор, профессор Себахаттин Балжы: «Арабызга жаңыдан келип кошулган окутуучуларга, кызматкерлерге Кыргызстан, Түркия, Ислам дүйнөсү жана бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөөдө алтын көпүрө болгон Манас үй-бүлөсүнө «кош келиңиздер» демекчимин», - деп, Манас университети бир гана Кыргызстан жана Түркия эмес, бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттер үчүн түзүлгөн орток бир долбоор болуп саналарынан кабардар кылып, ар убак бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалады.

 Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев өз сөзүндө көңүлдү университеттин окутуу программаларына, айрыкча магистратура билим берүү программасы жана билим менен ишкердик дүйнөсүн айкалыштыруу долбоорлолорун ишке ашырууга бурду. Келечекте жаңы ачылыштарга ишенимдүү кадам таштаган Манас университети мындан ары да зор ийгиликтерди багынтарына күмөнүм жок деп окуу жайдын жамаатына жаңы келип кошулгандарга жаңы окуу жылы жаркын жана жемиштүү болсун деди.

Кечеде КТМУнун таанытуу жана «Көчмөндөр оюну» фильмдери көрсөтүлүп, университеттин Консерваториясы тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Ректор Себахаттин Балжыга Селчук университетинин ректору, профессор Мустафа Шахиндин атайын берип жиберген белегин аталган окуу жайдан келген өкүлдөр, профессор Хусеин ϴгүт, профессор Үмит Гүбүз, профессор Мустафа Гарип жана доцент Толга Гөк тапшырышты.


Загрузка плеера...


Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды Манас жаңы академиялык кызматкерлер менен толукталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться