Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады!

Бишкек шаарынын Мэриясы мугалимдер күнүнө карата борбордо эмгектенген жалпы агартуучуларды кесиптик майрамы менен Т.Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында куттуктады.



Салтанаттуу кече Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, андан соң сахнага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов чыгып кош тилде жалындуу куттук сөзүн жаңыртты.

2016-жылдын 14-15-апрелинде жүрөгүмдү балдарга арнайм аттуу жыл сайын окутуучулардын кесипкөйлүгүн аныктаган шаардык кароо сынактын 1-этабы болуп өткөн эле. Аталган сынактын жыйынтыгы так ушул күнү толугу менен чыгарылып калаа башчысы сахнадан кетпей туруп ардактуу орун алган муглимдерге өз кролу менен сыйлыктарды тапшырды.

 

Атап айтсак:

  • жылдын мыкты мугалими,
  • мыкты жаш мугалим,
  • мыкты класс жетекчи,
  • жылдын мыкты мектеби,
  • жылдын мыкты тарбиячысы,
  • мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму,
  • мыкты кабинет, мыкты кыргыз тил кабинети

сыяктуу наамдарга татыган мугалимдер сүйүнүчтөрүн жашырган жок.

Мындан тышкары Бишкек шаардык кеңештин төрасы Кененбаев Алмаз Муканович да мугалимдерди куттуктап өз кезегинде Бишкек шаардык кеңештин ардак граммоталары менен эмгеги сиңген мугалимдерди сыйлады.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мээрманова Сауле Жаксылыковна өз сөзүндө Бишкек боюнча 15 миң мугалим эмгектенээрин, анын ичинен 34 гана агартуучу сыйлыкка жеткенин, мындай иш чаралардын көп уюштурулуп, тарбиячылардын мээнетин баалаган сыйлыктардын да арбын болушу керектигин баса белгиледи:

Салтанаттын соңу мугалимдерге арналган жагымдуу концерт менен жыйынтыкталды.

 

Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады! Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады! Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады! Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться