Главная > Новости "Медиа Манас" > Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады!
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады!30 сентября, 15:32. Разместил: Jyldyzbek |
Салтанаттуу кече Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, андан соң сахнага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов чыгып кош тилде жалындуу куттук сөзүн жаңыртты. 2016-жылдын 14-15-апрелинде жүрөгүмдү балдарга арнайм аттуу жыл сайын окутуучулардын кесипкөйлүгүн аныктаган шаардык кароо сынактын 1-этабы болуп өткөн эле. Аталган сынактын жыйынтыгы так ушул күнү толугу менен чыгарылып калаа башчысы сахнадан кетпей туруп ардактуу орун алган муглимдерге өз кролу менен сыйлыктарды тапшырды.
Атап айтсак:
сыяктуу наамдарга татыган мугалимдер сүйүнүчтөрүн жашырган жок. Мындан тышкары Бишкек шаардык кеңештин төрасы Кененбаев Алмаз Муканович да мугалимдерди куттуктап өз кезегинде Бишкек шаардык кеңештин ардак граммоталары менен эмгеги сиңген мугалимдерди сыйлады. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мээрманова Сауле Жаксылыковна өз сөзүндө Бишкек боюнча 15 миң мугалим эмгектенээрин, анын ичинен 34 гана агартуучу сыйлыкка жеткенин, мындай иш чаралардын көп уюштурулуп, тарбиячылардын мээнетин баалаган сыйлыктардын да арбын болушу керектигин баса белгиледи: Салтанаттын соңу мугалимдерге арналган жагымдуу концерт менен жыйынтыкталды.
Жылдызбек Турсунбаев Вернуться назад |