Бейонсе менен дуэт ырдамакмын » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бейонсе менен дуэт ырдамакмын

“Манас Фм” радиосундагы “Автопортрет” уктуруусунун коногу “Маданияттын мыкты кызматкери",  көптөгөн эл аралык фетивальдардын жеңүүчүсү жана “Алтын үн” наамынын ээси Куралбек Чокоев болду.



Алтын үндүү коногубуз менен кызуу маек куруп, угармандардан суроолор эч үзүлгөн жок. Көптөгөн кызыктуу суроолордун арасынан Курал мырзаны эң ойлонткону “Дүйнөлүк ырчы айымдардын арасынан ким менен дуэт болуп ырдайт элеңиз?”-деген суроо болду. Бираз ойлонуп “Дүйнөлүк ырчы айымдардын арасынан Америкалык  Бейонсе менен “Дүрүдүм” деген ырымды ырдаййт элем. Себеби Бейонсе мен үчүн өзгөчө ырчы.”-деди, Курал мырза. Эсиңиздерде болсо Курал Чокоев “Сен кечир(Ты прости)” аттуу орус тилиндеги ыр менен өзүнүн ырчылык сапарын баштаган. Бул ырды Америкалык ырчы Лайонел Ричинин “How long”ырынан орусчага которуп ырдап чыккан. Андан бери көптөгөн ырларды жаратып, элдин сүймөнчүгү болуп келүүдө.

      Куралбек Чокоев көптөгөн сынактардан байгелүү орундарды багынтып, кыргыздын желегинжелбиретип келүүдө. Алдыда да көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанды дүйнөгө таанытат деген ишеничтебиз. Эскерте кетсек 15-октябрь күнү Бишкек шаарынын филармониясында Курал Чокоевдин биринчи жеке концерти өтмөкчү. Келип көңүл ачып, колдоп кетиңиздер!

Жоомарт Шайдылдаев


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться