Главная > Новости "Медиа Манас" > Бейонсе менен дуэт ырдамакмын

Бейонсе менен дуэт ырдамакмын


16 сентября, 10:54. Разместил: sharizat

Алтын үндүү коногубуз менен кызуу маек куруп, угармандардан суроолор эч үзүлгөн жок. Көптөгөн кызыктуу суроолордун арасынан Курал мырзаны эң ойлонткону “Дүйнөлүк ырчы айымдардын арасынан ким менен дуэт болуп ырдайт элеңиз?”-деген суроо болду. Бираз ойлонуп “Дүйнөлүк ырчы айымдардын арасынан Америкалык  Бейонсе менен “Дүрүдүм” деген ырымды ырдаййт элем. Себеби Бейонсе мен үчүн өзгөчө ырчы.”-деди, Курал мырза. Эсиңиздерде болсо Курал Чокоев “Сен кечир(Ты прости)” аттуу орус тилиндеги ыр менен өзүнүн ырчылык сапарын баштаган. Бул ырды Америкалык ырчы Лайонел Ричинин “How long”ырынан орусчага которуп ырдап чыккан. Андан бери көптөгөн ырларды жаратып, элдин сүймөнчүгү болуп келүүдө.

      Куралбек Чокоев көптөгөн сынактардан байгелүү орундарды багынтып, кыргыздын желегинжелбиретип келүүдө. Алдыда да көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанды дүйнөгө таанытат деген ишеничтебиз. Эскерте кетсек 15-октябрь күнү Бишкек шаарынын филармониясында Курал Чокоевдин биринчи жеке концерти өтмөкчү. Келип көңүл ачып, колдоп кетиңиздер!

Жоомарт Шайдылдаев


Вернуться назад