Бишкекте «Кымыз» майрамы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкекте «Кымыз» майрамы



Бүгүн, 8-июлда Бишкекте «Кымыз» фестивалы өтүп жатат.

Саат 10до «Дасмия» этнографиялык комплексинде башталган иш-чара кечки саат 6га чейин уланмакчы. Шаар тургундары Кыргызстандын жети дубанынан келген кымыздын түрлөрү менен таанышып кете алышат. Уюштуруучулар аталган иш-чара алгачкы жолу эмес экендигин, буга чейин жер-жерлерде өткөрүлүп келгендигин белгилешти. «Кымыз» фестивалы ата-бабалардан калган каада-салт, үрп-адатты сактоо, кыргыздын улуттук суусундуктарын даңазалоо максатында уюштурулду»,-дешет уюштуруучулар.
«Иш-чаранын соңунда калыстар тобу тарабынан эң мыкты кымыз даамы аныкталып, ал кымызчыга атайын сертификат тапшырылат»,-деди уюштуруучулардын бири Чолпон Түмөнбаева. Белгилей кетүүчү нерсе, «Кымыз» фестивалы салтка айланып жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

Бишкекте «Кымыз» майрамы Бишкекте «Кымыз» майрамы Бишкекте «Кымыз» майрамы Бишкекте «Кымыз» майрамы Бишкекте «Кымыз» майрамы Бишкекте «Кымыз» майрамы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться