Главная > Культура > Бишкекте «Кымыз» майрамы

Бишкекте «Кымыз» майрамы


8 июля, 15:23. Разместил: aynagul

Бүгүн, 8-июлда Бишкекте «Кымыз» фестивалы өтүп жатат.

Саат 10до «Дасмия» этнографиялык комплексинде башталган иш-чара кечки саат 6га чейин уланмакчы. Шаар тургундары Кыргызстандын жети дубанынан келген кымыздын түрлөрү менен таанышып кете алышат. Уюштуруучулар аталган иш-чара алгачкы жолу эмес экендигин, буга чейин жер-жерлерде өткөрүлүп келгендигин белгилешти. «Кымыз» фестивалы ата-бабалардан калган каада-салт, үрп-адатты сактоо, кыргыздын улуттук суусундуктарын даңазалоо максатында уюштурулду»,-дешет уюштуруучулар.
«Иш-чаранын соңунда калыстар тобу тарабынан эң мыкты кымыз даамы аныкталып, ал кымызчыга атайын сертификат тапшырылат»,-деди уюштуруучулардын бири Чолпон Түмөнбаева. Белгилей кетүүчү нерсе, «Кымыз» фестивалы салтка айланып жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.


Вернуться назад