КОРКУНУЧТУУ ОЮНЧУКТАР — КОРКУНУЧТУУ ЖОМOКТOР СЫЯКТУУБУ?
Психолог Салтанат Кыдыралиева Каплан
Москва Психоанализ Институту
@saltanat_psychology
КОРКУНУЧТУУ ОЮНЧУКТАР — КОРКУНУЧТУУ ЖОМOКТOР СЫЯКТУУБУ?
Кымбаттуу окурман, бул макалада психолог катары эмне үчүн Лабубу ушунчалык көзгө көрүнөрлүк болуп кеткенин талдоого аракет кылам.
Алгач баары макул болгон бир темага токтоло кетели. Ийгиликтүү маркетинг ыкмалары жана потенциалдуу кардарлардын жүрүм-турум психологиясын жакшы билүү — миллиондогон сатууларга алып келди.
Бирок божомолум боюнча, ийгиликтүү маркетингден тышкары, Лабубу оюнчуктары жана ачкыч шакектер туңгуюк, карама-каршы, кош маанилүү “жашыруун билдирүүлөрү” аркылуу вирус сыяктуу жайылды.
Лабубунун сырткы көрүнүшүнө көңүл буралы:
— Учтуу кулактар,
— Тиштерин көрсөтүп сыргалаңдай жылмайган көрүнүш,
— Орсойгон майда азуу тиштери,
— Бирок ошол эле учурда — таң каларлык деңгээлде сүйкүмдүү жана бейкүнөө көздөрү.
Мунун баарына кошумча катары, Лабубунун кичинекей жана жумшак, мамык сыяктуу болушу — ага өзүнчө бир “татыналык” тартуулайт.
Бул оюнчук “сүйкүмдүүлүк” менен “үрөй учурган”, “назиктик” менен “агрессия” ортосундагы тең салмакты чеберчилик менен камтып келет.
Балким дал ушул эмоционалдык карама-каршылык аны эстен кеткис кылып жаткандыр..
Ошентип, Лабубу мындай ички карама-каршы сезимдерди чагылдырган символго айланып жатат:
Бирок чындыгында көп учурда — ички дүйнөбүздө басылган ачуубуз кайнап турса да, сырттан жумшак жана сүйкүмдүү имиджди сактоого мажбур болобуз. Балким, Лабубу дал ушундай психологиялык дөңгөлөктөн чыга албай жүргөн абалыбыздын чагылышыдыр?
Албетте, кээде оюнчук жөн гана оюнчук болушу мүмкүн (З.Фрейдге шилтеме). Бирок Лабубу көбүнчө чоңдор тарабынан сатып алынгандыктан, анын жаратуучусу Kasing Lung жана маркетинг компаниясы Pop Mart миллиондогон киреше тапты.
Pop Mart компаниясынын оригиналдуу оюнчуктары Түркияда дээрлик бир минималдык айлык маянага барабар баада сатылары чындык. Бул шартта Лабубу бир “социалдык маркерге” айланууда. Бир айлык маяна төлөп, биз эмнени сатып алып жатабыз?
— Белгилүү бир катмарга таандык болууну,
— Тренддин (мода) бир бөлүгү болууну,
— Же материалдык жактан жетиштүүлүк образынбы?
Коркунучтуу оюнчуктар — коркунучтуу жомоктор сыяктуубу?
Гримм бир туугандардын жомоктору, “Кызыл телпек”, “Ганс жана Гретель” сыяктуу же мастан-кемпир жөнүндө “коркунучтуу” жомоктордун терең психологиялык функциялары бар.
Адамдар коркунучтуу жомоктор аркылуу коопсуз чөйрөдө өз коркууларын таанып, сезип, иштеп чыгат.
Психоанализде мындай жомоктор адамдын ички карама-каршылыктарын символикалык түрдө чагылдырган күчтүү инструменттер катары каралат.
Сөз болгон жомокторго таянып бир аз татаалыраак жоромол сунуштагым келет…
Лабубу оюнчугу жана аксессуарлары төмөнкүдөй көп катмарлуу билдирүүнү бериши мүмкүн:
“Ооба, мен сүйкүмдүү жана момунмун, жумшак жана мамык сыяктуу көрүнөм.
Бирок мен өзүмдү коргой алам!
Мен күчтүүмүн жана айлакермин!
Мени ачууландырба, жеке чектеримди бузба — болбосо жооп бересиң!”
Сиз кандай деп ойлойсуз?