САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК

Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны өнүктүрүү демилгесинин алкагында, "Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү" санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү жана электрондук мамлекеттик кызматтарды активдүү колдонууга багытталган окутууларды өткөрдү.



    2024-жылдын 11-декабрь күнү “Манас” телеканалынын Тема берүүсүндө “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” долбоорунун окутуучусу Айпери Бозоева жана санариптик долбоорлорду коштоо бөлүмүнүн башкы адиси Айчүрөк Бексултанова конок болушуп, санариптешүүнүн коомубуздагы орду жөнүндө маек курушту. 

    Конокторубуз эфир жүрүшүндө: “Акыркы жылдары дүйнөгө жасалма интеллект келип, дүйнө өзгөрдү, ааламдан артта калбастан, биз да өнүгүүнүн жолуна түшүүбүз керек. Биз санариптештирүү боюнча иштерди эң алгач эле, адамдардын убактысын үнөмдөп, жумушун жеңилдетүү максатында кылып жатабыз. Азыркы учурда өлкөбүздүн толугу менен санариптешүүсүнө, калкты тейлөө борборлоруна барып, кезекте турбастан, “Түндүк” колдонмосунан эле жеке маалыматтарын алуусуна үйрөтүп, көндүрүп жатабыз,” – деп маалымат беришкен.

       Айта кетчү нерсе, “Түндүк” колдонмосу коопсуздук жактарынан жакшылап каралган, жана ошондой эле коопсуздугу үчүн эң маанилүү нерсе: жарандардын жеке паспортторуна сак болуусу.

 

Маекти тологу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз

Жазган: Айтумар Ибраимова


Загрузка плеера...


                    САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК                     САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться