Главная > ТЕМА / Телеподкаст > САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК
САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК13 декабря, 13:04. Разместил: sharizat |
2024-жылдын 11-декабрь күнү “Манас” телеканалынын Тема берүүсүндө “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” долбоорунун окутуучусу Айпери Бозоева жана санариптик долбоорлорду коштоо бөлүмүнүн башкы адиси Айчүрөк Бексултанова конок болушуп, санариптешүүнүн коомубуздагы орду жөнүндө маек курушту. Конокторубуз эфир жүрүшүндө: “Акыркы жылдары дүйнөгө жасалма интеллект келип, дүйнө өзгөрдү, ааламдан артта калбастан, биз да өнүгүүнүн жолуна түшүүбүз керек. Биз санариптештирүү боюнча иштерди эң алгач эле, адамдардын убактысын үнөмдөп, жумушун жеңилдетүү максатында кылып жатабыз. Азыркы учурда өлкөбүздүн толугу менен санариптешүүсүнө, калкты тейлөө борборлоруна барып, кезекте турбастан, “Түндүк” колдонмосунан эле жеке маалыматтарын алуусуна үйрөтүп, көндүрүп жатабыз,” – деп маалымат беришкен. Айта кетчү нерсе, “Түндүк” колдонмосу коопсуздук жактарынан жакшылап каралган, жана ошондой эле коопсуздугу үчүн эң маанилүү нерсе: жарандардын жеке паспортторуна сак болуусу.
Маекти тологу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз Жазган: Айтумар Ибраимова Вернуться назад |