Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6 пайызга төмөндөттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6 пайызга төмөндөттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасы  30-майда эсептик чен өлчөмүн 200 базистик пунктка ,  6,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.



Чечим 31-майдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пресс-конференцияда билдирди.

 Маалыматка ылайык, бул чечим эсептик чен өлчөмдөрүн төмөндөтүү боюнча экинчи катар чечими болду. Чечимди кабыл алуу инфляциянын жана экономикалык өсүштүн акыркы учурдагы динамикасына жана келээрки мезгилге болгон болжолдоруна негизделген.

 “Акча-кредит саясатынын буга чейин кабыл алынган чараларынын таасири өлкөдө инфляция деңгээлинин төмөндөшүнөн көрүнүүдө. Төмөндөшүнө азык-түлүк товарлар тобунун наркынын арзандашы жана ички керектөө талабынын басаңдашы түрткү берген. 2016-жылдын май айында (20сына карата) инфляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,4 пайыздан төмөндөп отуруп, 0,2 пайызды түзгөн” деди Т. Абдыгулов.

 Мындан тышкары ал 2016-жылдын январь-апрель айларында өлкө экономикасы 4,9 пайызга төмөндөгөнүн жана “Кумтөрдү” эске албаганда, өсүшкө жетишилбегендигин,  талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана акча-кредит саясатын иштеп чыгууда “Кумтөрдү” эске албаганда, айкын ички дүң өнүмдүн мааниси Улуттук банк үчүн орчундуу көрсөткүч болуп санала тургандыгын кошумчалады.

“Инфляциялык басымдын төмөндүгү, экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн алсыздыгы шартында, орто мөөнөткө инфляция динамикасынын болжолдоолорун эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди төмөндөтүүнү улантуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим инфляциялык тобокелдиктер төмөн болуп турган шартта экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүү чараларын колдоого өбөлгө түзөт” деп жыйынтыктады Улуттук банктын жетекчиси.

Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого ала турган кийинки отуруму 2016-жылдын 27-июнуна пландаштырылган.

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться