Баарыбыздын жашообузда кээде эч нерсе кылгыбыз келбей, жөн гана жатып алып китеп окуу же жаккан сериалдарды көргүбүз келген учурлар болот... Ошол учурда чындыгында эмне кылышыбыз керек экенин жакшы түшүнөбүз
Др.Салтанат Кыдыралиева/@kaplan.psychology
Татьяна Фендрикова/@tanyushaf.psychology.life
«Жалкоолук» көп учурда терс мүнөз катары кабыл алынат. Бирок, эс алуу жана бош убакыт адамдын укугу катары кабыл алынышы керек деген көз караштар да бар. Катуу иштөө темпи жана үзгүлтүксүз өндүрүмдүүлүк, адамдын физикалык жана психикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Акырында, балким, өзүбүзгө «жалкоолук» укугун берүү менен тең салмактуу жана канааттандырарлык жашоо өткөрө алабыз…
Баарыбыздын жашообузда кээде эч нерсе кылгыбыз келбей, жөн гана жатып алып китеп окуу же жаккан сериалдарды көргүбүз келген учурлар болот... Ошол учурда чындыгында эмне кылышыбыз керек экенин жакшы түшүнөбүз…
Психологияда бул абал «прокрастинация» деп аталат – адамдын мүмкүн болгон терс натыйжаларды билгенине карабастан, бир ишти себепсиз жана өз ыктыяры менен кечеңдетүү же кийинкиге жылдыруу адаты же аракети. Бул күнүмдүк иштерди кийинкиге калтыруу же жолугушууга баруу, жумуш отчетун же тапшырманы тапшыруу, өнөктөшүңүз менен стресстүү теманы талкуулоо сыяктуу маселелерди да кийинкиге калтыруу менен байланышкан кеңири таралган адамдык жүрүм-турум. Прокрастинация көбүнчө адамдардын өндүрүмдүүлүгүнө тоскоолдук кылган терс таасир катары кабыл алынып, депрессия, өзүн төмөн баалоо, күнөөкөрлүк жана жетишсиздик сезимдери менен байланыштуу. Латын тилинен келип чыккан «procrastinatus» термини толук мааниде «эртеңкиге жылдыруу» дегенди билдирет. Бүгүнкү күндөгү маанисинен жалгыз айырмасы, кээ бир нерселерди айлар, жылдар жана атүгүл өмүр бою кечеңдетүүбүздө…
Прокрастинация феномени көптөн бери көптөгөн академиктер менен окумуштуулардын акылын ээлеп келет. Заманбап философ Жон Перри өзүнүн кечеңдетүү адаттарын изилдеп чыгып, «Курулган прокрастинация» аттуу юмордук эссе жазган. Анын айтымында, прокрастинаторлор адатта биринчи кезекте жана тез арада аткарылышы керек болгон маанилүү иштерден качып, алардын ордуна азыраак маанилүү, бирок дагы деле өндүрүмдүү боло турган иштер менен алек болушат. Бул жүрүм-турум, адамдарга жетишүү сезимин сактоого жана милдеттер тизмесиндеги шашылыш иштердин оордугунан качууга жардам берет. Перри бул стратегияны кечеңдетүүнү «алдаштын» бир жолу катары юмор менен сүрөттөйт.
Баарыбыз Уильям Шекспирдин чыгармасында, ханзаада Гамлеттин атактуу жана түбөлүктүү "болуу же болбоо" суроосун укканбыз. Ойлонуп көрсөңүз, Гамлет өзү дагы прокрастинатор болгон жана оюн бою өч алууну улам-улам кечеңдетип жүргөн. Ошо сыяктуу эле, белгилүү орус жазуучусу Иван Гончаровдун «Обломов» аттуу романындагы башкы каарман Илья Ильич Обломов, убактысынын көбүн тапшырмалары тууралуу ойлоно берип кыймылсыз өткөрүп, сейрек эле бир нерсе жасаган - классикалык прокрастинатордун үлгүсү болуп саналат. Дүйнөлүк адабияттан дагы бир мисал келтирсек, Самюэль Беккеттин «Годо’ну күтүп» деген белгилүү пьесасындагы Владимир (Диди) жана Эстрагон (Гого) каармандарын белгилеп кетсек болот. Бул каармандар өздөрүнүн аракеттерин улам кечеңдетип, чечкиндүү кадамдарды жасабай, сабырсыздык менен Годо аттуу белгисиз бирөөнү күтүп, убактысын өткөрүшөт. Бул пьесада кечеңдетүү аракети Годо тууралуу күн сайын кабар алып келген бала аркылуу жандуу сүрөттөлөт, ал кабар көп учурда Годо бүгүн келбей турганын, бирок эртең келээрин билдирет. Пьесанын эң таасирдүү жери — эки башкы каармандын акыркы сахнада «Кетебизби? » — «Кетели» деп сөздөрү менен аяктап, «ордунан жылышкан жок» деген белги менен бүтүшү.
Психотерапияда, прокрастинация менен иштөө үчүн психотерапевттер тарабынан колдонулган жана сунушталган ар кандай терапия түрлөрү бар. Бул терапевтикалык кийлигишүүлөргө өзүн-өзү жөнгө салуу, когнитивдик жүрүм-турум терапиясы, бүтүндүк терапиясы, туруктуулук терапиясы жана кабыл алуу терапиясы кирет. Биз сөз кылган терапиялардын арасында прокрастинацияны азайтууда эң көп таасир көрсөткөн когнитивдик жүрүм-турум терапиясы өзгөчө көңүл бурулууга татыктуу. Мындан тышкары, когнитивдик жүрүм-турум терапиясы иш-аракеттер менен байланышкан ойлорду аныктайт, кээ бирлерин функция бузган катары белгилейт, аларды оңдойт жана андан соң ушул оңдолгон ойлорду аракеттер менен байланыштыруу аракетинде болот.
Бул жерде, когнитивдик-бихевиоралдык терапияда (КБТ) бар болгон жана өзү-өзүнчө жөнгө салынган жазалоо системасына негизделген мотивациялык системага көбүрөөк көңүл бургубуз келет. Когнитивдик-бихевиоралдык терапияда мотивация жана жазалоо системасы тууралуу дагы толук маалыматты Жудит Бекктин «Когнитивдик-Бихевиоралдык Терапия: Негиздерден ыкмаларга» аттуу китебинен таба аласыз. Бул китеп когнитивдик-бихевиоралдык терапия ыкмаларынын татаал түшүндүрмөлөрү менен белгилүү жана мотивациялык техникаларды камтыйт. Бул жазалоолор адатта каалаган жүрүм-турумду ыктымалдуу кылуу жана каалабаганын жазалоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга кирет. Алар максат коюу, сыйлык-жаза системасы, прогрессти текшерүү сыяктуу ыкмаларды камтышы мүмкүн. Бирок көптөгөн терапевттер өз тажрыйбаларына таянып, бир долбоорго баштап, ал жөнүндө тереңдеген сайын каршы туруу сезими күчөй турганын жана натыйжада «макул, дагы көпкө чыдай албайм, жазага макул болом, бирок андан кийин алга жылбайм» деген жерге жеткенин билдиришет.