Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат

 Кавказ университеттеринин биримдиги (КУНИБ) ырааттуу 6-конгрессин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүүдө.



 Конгресс, КТМУнун Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчасында жайгашкан ректорлук имаратынын жыйындар залында бүгүн 20-майда эртеӊ менен саат 9:30да башталды. 2 саатка созулган конгресс соңунда чет өлкөдөн келген 11 жаңы университеттин ректору КУНИБ биримдигине кирүүгө өз колдорун коюшту.

КУНИБ биримдигинин баш катчысы проф. доктор Орхан Сөйлемез мырзанын айтымына караганда 2009-жылы түзүлгөн бул уюмга бүгүнкү күндө 107 жогорку окуу жай мүчө болуп катталган. Уюмга мүчө болгон ар бир университеттин студенттери өз ара "Мевлана-студенттик алмашуу" программасы аркылуу эң аз 1 семестрлик убакытка каалаган окуу жайга барып өз билимин тереңдетип, тажрыйбасын арттырып, жашоого болгон көз карашын өзгөртүп келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 

2016-жылдын 21-22-май күндөрү Кавказ университеттеринин биримдиги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргелешип “КУНИБ-2016 Билим берүү жарманкесин” уюштурууда. Түркиянын 40тан ашуун жогорку окуу жайлары катыша турган бул жарманке, 2016-жылдын 21-май күнү эртеӊ менен саат 10:30 да Бишкектеги “Дамас” мейманкансында башталат.

Ошол эле күнү аталган мейманканада саат 11:30 да пресс-конференция өтөт.

2014-жылдан тартып уюштурулуп келе жаткан бул билим берүү жарманкесине 3000 абитуриент жана башка кызыкдар адамдардын келиши күтүлүүдө. 

 

 

Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться