Главная > Новости "Медиа Манас" > Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат

Бишкекте Кавказ университеттер биримдигинин (КУНИБ) билим берүү жарманкеси өткөрүлүп жатат


20 мая, 12:13. Разместил: aynagul

 Конгресс, КТМУнун Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчасында жайгашкан ректорлук имаратынын жыйындар залында бүгүн 20-майда эртеӊ менен саат 9:30да башталды. 2 саатка созулган конгресс соңунда чет өлкөдөн келген 11 жаңы университеттин ректору КУНИБ биримдигине кирүүгө өз колдорун коюшту.

КУНИБ биримдигинин баш катчысы проф. доктор Орхан Сөйлемез мырзанын айтымына караганда 2009-жылы түзүлгөн бул уюмга бүгүнкү күндө 107 жогорку окуу жай мүчө болуп катталган. Уюмга мүчө болгон ар бир университеттин студенттери өз ара "Мевлана-студенттик алмашуу" программасы аркылуу эң аз 1 семестрлик убакытка каалаган окуу жайга барып өз билимин тереңдетип, тажрыйбасын арттырып, жашоого болгон көз карашын өзгөртүп келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 

2016-жылдын 21-22-май күндөрү Кавказ университеттеринин биримдиги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргелешип “КУНИБ-2016 Билим берүү жарманкесин” уюштурууда. Түркиянын 40тан ашуун жогорку окуу жайлары катыша турган бул жарманке, 2016-жылдын 21-май күнү эртеӊ менен саат 10:30 да Бишкектеги “Дамас” мейманкансында башталат.

Ошол эле күнү аталган мейманканада саат 11:30 да пресс-конференция өтөт.

2014-жылдан тартып уюштурулуп келе жаткан бул билим берүү жарманкесине 3000 абитуриент жана башка кызыкдар адамдардын келиши күтүлүүдө. 

 

 


Вернуться назад