Улуттук Банк Маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук Банк Маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы раритет, коллекциялык

монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт.



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, улуттук валютанын киргизилишинин

күнүнө карата, жана коллекционерлердин, нумизматтардын коллекциялык

нумизматикалык монеталарга талабын канааттандыруу максатында алтын жана күмүш

монеталарын сатуу аукциону өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык

монеталары өзүнүн өзгөчөлүгү менен эле айырмаланбастан, маалыматтын маанилүү

булагы жана ошол эле учурда пайдалуу финансылык салым болуп эсептелет. Тажрыйба

көрсөткөндөй, Кыргыз монеталарынын чектелүү тиражы алардын жогорку деңгээлдеги

раритет(сейрек) экендигин билдирип турат, биздин монеталардын эксклюзивдүүлүгүн,

жогорку сатуу өткөрүмдүүлүгүн сактайт. Эл аралык нумизматикалык рыноктордо,

Кыргызстандын сатылып бүткөн коллекциялык монеталары, КМШ монеталарынын

ичинен эң көп суроо талап жараткан монеталар рейтингинде жогорку чекти ээлеп келет.

Ошондуктан Улуттук банк коллекционерлер жана жакшы эксклюзивдүү буюмдарды

сүйүүчүлөр үчүн Улуттук банк тарабынан 1995-2007 жылдары аралыгында чыгарылган сейрек монеталарды өздөрүнүн коллекциясы үчүн аукциондо сатып алуу мүмкүнчүлүгүн

тартуулайт.

Аукцион 2016жылдын

18майында

саат 16.00дө Бишкек шаары, Т.Үмөталиев

атындагы көчө, 7 (мурдагы Свердлов көчөсү) дареги боюнча жайгашкан Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз борборунда өткөрүлөт.

Аукционго жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат. Эсептешүүлөр

нак жана нак эмес төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуучуларга ыңгайлуу шарт

түзүү максатында, нак акча менен ошол жерде эсептешүүлөрдү жүргүзүү сунушталат.

Аукционгө күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 669219, 669229

(Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы).

Датасы: 2016 жылдын 18майы

Убактысы: саат 16.00

Дареги: КРУБын басмаборбору,

Т.Уметалиев көч., 7 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишет)

Катышууга макулдугуңузду билдирүү үчүн Улуттук банктын басма кызматына

кайрылыңыздар:

Тел.: 0 312 45 60 03;

0 312 45 60 05

Эл. почта: chkerimbekov@nbkr.kg, mberdybaeva@nbkr.kg

Лоттун мазмуну:

Баштапкы   баа (сом)

  1. «Ош3000» алтын монетасы 1даана. - 27 000
  2. «Манас эпосуна 1000 жыл» күмүш монетасы 1даана.- 5 000
  3. «Чынгыз Айтматов» күмүш монетасы 1даана.- 5 000
  4. «Аркар» күмүш монетасы 1даана. -5 000
  5. «Улуу Жеңишке 60 жыл» күмүш монетасы 1даана. -5 000
  6. «Ташрабат» күмүш монетасы 1даана. -5 000
  7. «Акмаңдай гүл» күмүш монетасы 1даана.- 5 000
  8. «Кызматташуунун Шанхай уюму» күмүш монетасы 1даана.- 5 000
  9. «Өзгөн архитектуралык комплекси» күмүш монетасы 1даана.-5 000
  10. «ХанТеңири» күмүш монетасы 1даана. -5 000
  11. «Улуттук валютага 10 жыл» күмүш монетасы 1даана.- 5 000
  12. «Улуу Жеңишке 70 жыл» күмүш монетасы 1даана. -5 000
Улуттук Банк Маалымдайт Улуттук Банк Маалымдайт Улуттук Банк Маалымдайт Улуттук Банк Маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться