Главная > Экономика > Улуттук Банк Маалымдайт
Улуттук Банк Маалымдайт17 мая, 11:44. Разместил: sharizat |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, улуттук валютанын киргизилишинин күнүнө карата, жана коллекционерлердин, нумизматтардын коллекциялык нумизматикалык монеталарга талабын канааттандыруу максатында алтын жана күмүш монеталарын сатуу аукциону өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталары өзүнүн өзгөчөлүгү менен эле айырмаланбастан, маалыматтын маанилүү булагы жана ошол эле учурда пайдалуу финансылык салым болуп эсептелет. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргыз монеталарынын чектелүү тиражы алардын жогорку деңгээлдеги раритет(сейрек) экендигин билдирип турат, биздин монеталардын эксклюзивдүүлүгүн, жогорку сатуу өткөрүмдүүлүгүн сактайт. Эл аралык нумизматикалык рыноктордо, Кыргызстандын сатылып бүткөн коллекциялык монеталары, КМШ монеталарынын ичинен эң көп суроо талап жараткан монеталар рейтингинде жогорку чекти ээлеп келет. Ошондуктан Улуттук банк коллекционерлер жана жакшы эксклюзивдүү буюмдарды сүйүүчүлөр үчүн Улуттук банк тарабынан 1995-2007 жылдары аралыгында чыгарылган сейрек монеталарды өздөрүнүн коллекциясы үчүн аукциондо сатып алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Аукцион 2016жылдын 18майында саат 16.00дө Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 7 (мурдагы Свердлов көчөсү) дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз борборунда өткөрүлөт. Аукционго жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат. Эсептешүүлөр нак жана нак эмес төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, нак акча менен ошол жерде эсептешүүлөрдү жүргүзүү сунушталат. Аукционгө күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 669219, 669229 (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы). Датасы: 2016 жылдын 18майы Убактысы: саат 16.00 Дареги: КРУБын басмаборбору, Т.Уметалиев көч., 7 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишет) Катышууга макулдугуңузду билдирүү үчүн Улуттук банктын басма кызматына кайрылыңыздар: Тел.: 0 312 45 60 03; 0 312 45 60 05 Эл. почта: chkerimbekov@nbkr.kg, mberdybaeva@nbkr.kg Лоттун мазмуну: Баштапкы баа (сом)
Вернуться назад |