ЗАМАНЫБЫЗДЫН КААРМАНДАРЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЗАМАНЫБЫЗДЫН КААРМАНДАРЫ

"Жаңы күн" программасында Түркияда болгон жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштерине катышып келген ӨКМнын кызматкерлери, куткаруучулар Камбар Жанболатов жана Медер Имеров конокто болду.



Эфирде Түркияда болгон жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери, ал жактагы абал жана куткаруу иштерин кантип жүргүзүшкөнү боюнча маек куруп беришти.

Камбар Жанболатов жана Медер Имеров 12-февралда куткаруучулардын 2-тобу, котормочулар, куткаруу иштерине керектүү курал-жарактар менен Газиантеп шаарына учушкан. Ал жерден Кахраманмараш жана Хатай шаарларына бөлүнүшкөн. Алар түз эфирде 13-февраль күнү дароо куткаруу иштерине киришкенин, Түркиянын куткаруучулары менен чогу иш алып барышканын айтышты.

Эфирдин аягында конокторубуз биздин өлкөнүн Түркияга бул жардамы эки элдин байланышын дагы да бекемдеди дейт. Түрк элине сабырдуулук тилейбиз, ошондой эле дүйнөдө тынчтык болуп анын ичинде Кыргызстаныбыз да мындай тилсиз жоолордон алыс болсун деп өз каалоо-тилектерин билдиришти.

Жазган: Гипариза Асанканова


Загрузка плеера...


ЗАМАНЫБЫЗДЫН КААРМАНДАРЫ ЗАМАНЫБЫЗДЫН КААРМАНДАРЫ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться