Главная > Новости "Медиа Манас" > ЗАМАНЫБЫЗДЫН КААРМАНДАРЫ

ЗАМАНЫБЫЗДЫН КААРМАНДАРЫ


2 марта, 16:12. Разместил: gulzira

Эфирде Түркияда болгон жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери, ал жактагы абал жана куткаруу иштерин кантип жүргүзүшкөнү боюнча маек куруп беришти.

Камбар Жанболатов жана Медер Имеров 12-февралда куткаруучулардын 2-тобу, котормочулар, куткаруу иштерине керектүү курал-жарактар менен Газиантеп шаарына учушкан. Ал жерден Кахраманмараш жана Хатай шаарларына бөлүнүшкөн. Алар түз эфирде 13-февраль күнү дароо куткаруу иштерине киришкенин, Түркиянын куткаруучулары менен чогу иш алып барышканын айтышты.

Эфирдин аягында конокторубуз биздин өлкөнүн Түркияга бул жардамы эки элдин байланышын дагы да бекемдеди дейт. Түрк элине сабырдуулук тилейбиз, ошондой эле дүйнөдө тынчтык болуп анын ичинде Кыргызстаныбыз да мындай тилсиз жоолордон алыс болсун деп өз каалоо-тилектерин билдиришти.

Жазган: Гипариза Асанканова


Вернуться назад