Маарага чуркаган Мамбет акын » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Маарага чуркаган Мамбет акын

          Эл арасында жакындан бери Кызыл-Суулук кыргыз акындарынан Мамбеттокто Мамбеторозо уулунун аты мактоого татып келет. Себеби сөз тапкычтыгы, коңур үнү, тартынбастыгы, тамашакөйлүгү менен айтыш өнөрүндө өзгөчөлөнүп турат. Жыл башында казак элинин акыны Айты акын Булгаковдун 60 жылдык мааракесине карата уюштурулган айтышта "Баш байгени" багындырып кайткан. Дал ушул тууралуу сурайлы деп Мамбет акынды "Чыгармачыл чайхана" берүүбүзгө конок катары чакырдык.



        Эфирдин жүрүшүндө Мамбет акын балалык чагын, Кызыл Суудагы жетишкендиктерин, кандайча Кытай жергесинен Кыргызстанга аттанганын, Бишкектеги биринчи айтыштан алган чоң таасирлерин, жакында багындырган баш байгенин таржымалын, казак-кыргыздагы баалаган акындарын, айтыштарын, обончулук өнөрүнүн көрөңгөсүн ж.б. көптөгөн кызыктуу темаларды баяндап айтып берди. 

            Кызыктуу маегин элдик, автордук ырлар менен, терме-санаты, жамагы менен кооздоп өттү.

 

            Көрсөтүүнүн толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

 

            МедиаМанас-2023, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Маарага чуркаган Мамбет акын Маарага чуркаган Мамбет акын Маарага чуркаган Мамбет акын

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться