АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА

"Жаңы күн" программасында Түркияда билим алуу программасы менен ал жакта окуп келген, учурда өлкөбүзгө кызмат көрсөтүп жүргөн Регина Жаманкулова жана Жодар Сайдилкан конокто болду.



Эфирде конокторубуз Түркияда алган билими, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, ары кызыктуу, ары пайдалуу маек куруп беришти.

Регина Жаманкулова "Манас" университетин бүтүрүп, Стамбул университетинде 2005-2008-жылдары "Радиотелевидение жана кино" бөлүмүндө магистратураны аяктаган. Түркияда билим алуу, жалаң гана теория, билим жактан эмес, маданият жагынан көптөгөн чоң салымы болду деген пикирин айта кетти.

Жодар Сайдилкан 1992-жылы Түркияда 9-класстан кийин лицейде "Саясий илимдер факультетинин менеджмент " бөлүмүндө окуган. Ал жакта окуу - мекенди, өзүбүздүн тилибизди, улуттук барктарыбызды сүйүүнү үйрөттү дейт.

Эфирдин соңунда конокторубуз кечээ жакында Түркияга болгон сапары боюнча да кыскача маалымат менен бөлүшө кетишти. Ал жакта 60 өлкөдөн 200 киши катышкан "Бүтүрүүчүлөр форуму" болуп, пикир алмашуу, баарлашуу жана азыркы коомдо болуп жаткан орчундуу маселелер боюнча талкуулоо жыйындары болуп өткөн. Жодар Сайдилкан, биз дагы бүтүрүүчүлөрдүн базасын топтоп, форум өткөрсөк деген оюн билдирди.

Жазган: Гипариза Асанканова


Загрузка плеера...


АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться