Главная > Новости "Медиа Манас" > АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА

АКЫЛДУУ ӨБӨГҮ - БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ - ТАЖРЫЙБА


2 февраля, 09:20. Разместил: gulzira

Эфирде конокторубуз Түркияда алган билими, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, ары кызыктуу, ары пайдалуу маек куруп беришти.

Регина Жаманкулова "Манас" университетин бүтүрүп, Стамбул университетинде 2005-2008-жылдары "Радиотелевидение жана кино" бөлүмүндө магистратураны аяктаган. Түркияда билим алуу, жалаң гана теория, билим жактан эмес, маданият жагынан көптөгөн чоң салымы болду деген пикирин айта кетти.

Жодар Сайдилкан 1992-жылы Түркияда 9-класстан кийин лицейде "Саясий илимдер факультетинин менеджмент " бөлүмүндө окуган. Ал жакта окуу - мекенди, өзүбүздүн тилибизди, улуттук барктарыбызды сүйүүнү үйрөттү дейт.

Эфирдин соңунда конокторубуз кечээ жакында Түркияга болгон сапары боюнча да кыскача маалымат менен бөлүшө кетишти. Ал жакта 60 өлкөдөн 200 киши катышкан "Бүтүрүүчүлөр форуму" болуп, пикир алмашуу, баарлашуу жана азыркы коомдо болуп жаткан орчундуу маселелер боюнча талкуулоо жыйындары болуп өткөн. Жодар Сайдилкан, биз дагы бүтүрүүчүлөрдүн базасын топтоп, форум өткөрсөк деген оюн билдирди.

Жазган: Гипариза Асанканова


Вернуться назад