“Жашоо – менин көз карашым менен” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Жашоо – менин көз карашым менен”

29-апрелде арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Президенттин алдындагы Мамлекетти башкаруу академиясынын студенттери тарабынан угуу жана сүйлөө жөндөмдүулүгүнөн ажыраган мекендештерибиз үчүн “Жашоо – менин көз карашым менен” атуу спектакли болуп өттү.



Бул спектаклге угуу, сүйлөө жөндөмдүүлүгү чектелген жарандарыбыз, студенттер, демөөрчүлүк кылган фонддор жана ошондой эле айрым ММКнын өкүлдөрү күбө болушту. Алгач кыска мүнөттүк видео көрсөтүү менен башталып, андан соң, Башкаруу академиясынын студенттери тарабынан көрүүчүлөргө спектакль тартууланды. Бул спектакль азыркы коомдогу болуп жаткан угуусу, сүйлөөсү чектелгени адамдардын көйгөйлөрүн чагылдырды. Ушул мезгилде алардын ички сезиминде эмне болуп жаткандыгын, коомчулукка аралаша албай өздөрүн башкалардан кем сезгендигин көрсөтүштү. 2000-жылга чейин алар өздөрүн кичине да болсо жаңылык, болуп жаткан маалыматтардан кабардар болуп турушчу, анткени ал убакта атайын жаңылыктар менен бирге жанында “жаңсоо” тили да чыгып турчу, кийин муну алып салган соң алар үчүн көп нерсе чектелүү болуп калгандыгы маалым болду. Соңунда атайын башка өлкөдөгү ушундай көйгөйү бар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кайрылуу видео ролиги менен аяктады. Көп убакыт бою бул нерсени кулак сыртында калтырып келсек, чынында бул ойлонткон орчундуу маселе. Бул спектакль дал ушул көйгөйлөрдү козгоп, мамлекеткетти, коомду кайдыгер болбой өз мекендештерибизди колдоого чакырды. Жыйынтыгында уюштуруучу Президенттин алдындагы Мамлекетти башкаруу академиясынын студенти Темирлан Эшмаматов өз сөзүндө бул спектаклге 2 жыл даярданып, көптөгөн жогору жактагылардын эшигин кагып, жардам сурап кайрылгандыгын белгилеп, бүгүнкү келген меймандарга ыраазычылыгын билдирип, адамгерчиликке, кайрымдуу болууга чакырып өттү. Бул спектакль өзүнүнмаксатына жетти деген ишеничтебиз.

Жазган: Жапар кызы Нурай.

“Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен” “Жашоо – менин көз карашым менен”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться