Жарык жылдыз - Жанар Туратова » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жарык жылдыз - Жанар Туратова

           "Чыгармачыл чайхана" программабыздын коногу Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" фольклордук тобунун солисти, Эл аралык, республикалык вокалдык таймаштардын жеңүүчүсү, жеке ырчы  Жанар Туратова болду. 



         Ырчылыкты хобби эмес, кесип катары көргөн Жанар Туратова 14 жашында апасынын каалоосу менен музыкага аралашканын, КРнын Эмгек сиңирген артисти Д.Кангелдиевадан комуздан сабак алып чыгармачылыкка баштаганын, кезегинде "Камбаркан" фольклордук тобунун концертине барып кызыгып калган кичи кыз азыркы тапта ошол топто иштеп жатканын, кайсы окуу жайдан, кандай устаттардан билим алганын, чет өлкөлөрдөгү катышкан вокал боюнча сынактарын, элдик ыр бөлүмүн бүтүргөнү менен эстрадалык ырчылыкка, дүйнөлүк музыкага кандайча кызыгып калганын ж.б. темаларды айтып берди. 

        

   Эфирдеги дагы бир кызыктуу көз ирмем Жанар Туратованын А.Туткучевдин сөзүнө жазылган Р.Жумакуновдун "Энекем" аттуу ырын ырдап бергени болду. 

 

        Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

        МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Жарык жылдыз - Жанар Туратова Жарык жылдыз - Жанар Туратова

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться