Тотомидин жана уулдары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тотомидин жана уулдары

        "Чыгармачыл чайхана" программасынын бул ирет коногу "Таалай элеси" тобунун негиздөөчүсү, обончу, аткаруучу Тотомидин Жолдошов жана уулдары Жанасыл, Эрасыл Нурматовдор болду. 



           Жаштайынан ырчылыкка дилгир болуп, кадимки Таалай Бектургановду кумир тутуп, көзү тирүү кезинде жанына барып, колунан гитаранын аккорддорун үйрөнгөнгө жетишкен Тотомидин Жолдошов эфир учурунда кандайча "Таалай элеси тобу" түзүлүп калганын, алгачкы курамда кимдер болгонун, популярдуу "Жүрөк сыры" ырынын жаралуу тарыхын, азыркы топтун солисти Сурма Тургунаалы кызы тууралуу, балдары Жанасыл, Эрасылдардын чыгармачылык шык, жөндөмдөрүн ж.б. кызыктуу темаларды айтып, гитарада жандуу ырдады. 

             Ал эми уулдары Жанасыл менен Эрасыл кандайча жарамазан айтып элге таанылганын, атасы Тотомидин мырзанын үйдөгү тарбиясын баяндап, шылдырак жана аккордеондун коштоосунда "Суунун боюнда", "Шерине" ырларын аткарып беришти.

 

            Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

        

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Тотомидин жана уулдары Тотомидин жана уулдары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться