Главная > Новости "Медиа Манас" > Тотомидин жана уулдары

Тотомидин жана уулдары


21 декабря, 17:56. Разместил: Jyldyzbek

           Жаштайынан ырчылыкка дилгир болуп, кадимки Таалай Бектургановду кумир тутуп, көзү тирүү кезинде жанына барып, колунан гитаранын аккорддорун үйрөнгөнгө жетишкен Тотомидин Жолдошов эфир учурунда кандайча "Таалай элеси тобу" түзүлүп калганын, алгачкы курамда кимдер болгонун, популярдуу "Жүрөк сыры" ырынын жаралуу тарыхын, азыркы топтун солисти Сурма Тургунаалы кызы тууралуу, балдары Жанасыл, Эрасылдардын чыгармачылык шык, жөндөмдөрүн ж.б. кызыктуу темаларды айтып, гитарада жандуу ырдады. 

             Ал эми уулдары Жанасыл менен Эрасыл кандайча жарамазан айтып элге таанылганын, атасы Тотомидин мырзанын үйдөгү тарбиясын баяндап, шылдырак жана аккордеондун коштоосунда "Суунун боюнда", "Шерине" ырларын аткарып беришти.

 

            Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

        

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Вернуться назад