Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси

       КРнын Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, замандын залкар акыны Анатай Өмүркановдун жаңы китептеринин бет ачары жана музыка коштолгон поэтикалык кечеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи концерттик залында болуп өттү.



         Кыргыз Улуттук "Манас" театры тарабынан уюштурулган кечеге КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук, мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, акындын тууган-уругу, шакирттери катышты. 

          Музыка поэтикалык бөлүмүндө негизинен акындын ырлары окулуп, театрдын жеткинчек актерлору тарабынан Өмүркановдун балалык, жаштык курактары чагылдырылып, ортолорунда аккорден, комуз менен атактуу ырчылар акындын сөзүнө жазылган обондорду аткарышты. 

           Ал эми расмий куттуктоо бөлүмүндө болсо жогоруда аты белгиленген инсандар Анатай Өмүркановго деген каалоолорун айтып, анын күжүрмөндүгүн, кыргыз поэзиясындагы табылгаларын, адабиятка кошкон салымын баса белгилеп айтышты. 

           Негизинен кечеде окурмандарга жазмакердин "Анатай - тандалмалар I, II", "Байдылда жөнүндө кыска баян", "Асылдар", "Ак тилек", "Айтчы досум" китептеринин топтому сунушталды. 

 

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться