Главная > Новости "Медиа Манас" > Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси

Анатай Өмүркановдун "Ыр дүйнө" аттуу чыгармачылык кечеси


7 декабря, 18:33. Разместил: Jyldyzbek

         Кыргыз Улуттук "Манас" театры тарабынан уюштурулган кечеге КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук, мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, акындын тууган-уругу, шакирттери катышты. 

          Музыка поэтикалык бөлүмүндө негизинен акындын ырлары окулуп, театрдын жеткинчек актерлору тарабынан Өмүркановдун балалык, жаштык курактары чагылдырылып, ортолорунда аккорден, комуз менен атактуу ырчылар акындын сөзүнө жазылган обондорду аткарышты. 

           Ал эми расмий куттуктоо бөлүмүндө болсо жогоруда аты белгиленген инсандар Анатай Өмүркановго деген каалоолорун айтып, анын күжүрмөндүгүн, кыргыз поэзиясындагы табылгаларын, адабиятка кошкон салымын баса белгилеп айтышты. 

           Негизинен кечеде окурмандарга жазмакердин "Анатай - тандалмалар I, II", "Байдылда жөнүндө кыска баян", "Асылдар", "Ак тилек", "Айтчы досум" китептеринин топтому сунушталды. 

 

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад