Фотолордо Манас университети » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Фотолордо Манас университети

Манаста “Фотолордо Манас университети” жана “Жусуп Баласагынга 1000жыл”  аттуу  көргөзмө ачылды.



Кыргыз-Түрк Манас университетинин 20 жылдыгына карата университетибизде “Фотолордо Манас университети” жана “Жусуп Баласагынга 1000жыл”  аттуу  көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Түркиянын вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Тюркеш, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Түркиядан келген сый коноктор, мугалимдер, студенттер катышышты.

Университеттин 20 жылдык тарыхын чагылдырган фотолорду көргөзмөгө коммуникация факультети даярдап уюштурду. Көргөзмөгө  университеттин алгачкы күндөрүнөн баштап, ушул күнгө чейинки эң урунттуу учурларын эске салган фотолор тандалып алынган.

Ал эми Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган көргөзмөгө көркөм өнөр факультети жооптуу болуп 1 ай бою кызуу даярданышкан.

Графикалык жанрдагы ар түркүн картиналарды студенттер мугалимдердин жетекчилиги менен тартышып көрүүчүлөргө тартуулашты. Заманбап жана байыркы калоритти айкалыштырган бул сүрөттөр  “Тарых жана маданият” жылына карата өлкөбүз үчүн эң сонун белек болуп калды.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

 

 


Загрузка плеера...


Фотолордо Манас университети Фотолордо Манас университети Фотолордо Манас университети Фотолордо Манас университети Фотолордо Манас университети Фотолордо Манас университети

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться