Көчөдөн тамактануунун ден-соолукка тийгизген таасири » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Көчөдөн тамактануунун ден-соолукка тийгизген таасири

Көчөдө тамактануунун пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Көчө өзү тамактанууга ылайыктуу чөйрө эмес. Биринчиден көчөдөн тамактанып жатып анын даамын толук кандуу сезип, андан ырахат ала албайсыз. Экинчиден ошол жердеги санитардык-гигиеналык шарттардын сакталбаганынан улам өзүңүздүн ден соолугуңузга кооптуу жагдай жаратасыз. Үчүнчүдөн көчөдөгү тамактардын сапаты кандай экенин биле бербейсиз. 



          Дал ушундай кептери менен маекти баштаган КТМУнун Инженерия факультетинин Тамак-аш инженериясы кафедрасынын ага окутуучусу, илимдин PhD доктору Айбек Бөдөшов "Тема" телекөрсөтүүсүндө көчөдөн тамактануунун ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтып берди. 

               Программанын жүрүшүндө Айбек Бөдөшов:

- эмнеге тамактануу керектигине;

- туура тамактануу деген эмне экенине;

- көчөдөн тамактанган учурда кандай коркунуч же зыяндарга дуушар болоорубузга;

- тез татымдын зыяндуу жактарына;

- көчөдөгү тамак-аштын санитардык-гигиеналык тазалыгына;

- көчөдөгү жасалган тамактардын даярдалуу сапатына; ж.б. аспектилерге токтолуп кетти. 

 

              Көрсөтүүнү толук бойдон төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

              МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Көчөдөн тамактануунун ден-соолукка тийгизген таасири Көчөдөн тамактануунун ден-соолукка тийгизген таасири

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться