Кыргызстандагы топоздун сүтүнөн азыктарды өндүрүү перспективасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстандагы топоздун сүтүнөн азыктарды өндүрүү перспективасы

Топоз эти дагы, сүтү дагы адал болгон сүт эмүүчү жаныбар. Суукка чыдамдуу келип бийик тоолуу жерде өстүрүлөт жана бийик тоолуу аймактардын мал чарбачылыгынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Монголияда, Непалда, Индияда, Тибетте, Кытайдын Цин-Хай провинциясында, жана албетте Кыргызстанда кеңири таралган. Статистикалык маалыматка таянсак азыркы тапта топоздун башы 60 миң даанага жеткен. 



         "Тема" теледолбоорунун конок КТМУнун Тамак-аш инженериясы бөлүмүнүн ага окутуучусу, химия илимдеринин кандидаты, доцент Айгүл Усубалиева болду. Ал кызыктуу тема катары Кыргызстандагы топоз багуу, топоз сүтүнүн артыкчыгыктары тууралуу айтып берди. 

            Негизинен көрсөтүүнүн алкагында Айгүл айым:

- топоз багуунун тарыхы;

- Кыргызстандагы багылган аймактары;

- топоз сүтүнүн химиялык курамы жана технологиялык касиеттери;

- топоздун сүтүнөн жасалган азыктарды;

- Кыргызстанда топоз сүтүн кайра иштетүү өндүрүш денгээлин;

- топозду чийки азык катары калдыгы жок иштетүүдө чет мамлекеттердин практикасын; ж.б. темаларды баса белгилеп кетти. 

 

             Программанын толук чыгарылышы менен төмөнкү видеодон тааныша аласыздар. 

 

             МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Кыргызстандагы топоздун сүтүнөн азыктарды өндүрүү перспективасы Кыргызстандагы топоздун сүтүнөн азыктарды өндүрүү перспективасы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться