Курулуш программасын окутууда курулуш уюмдары менен байланыштар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Курулуш программасын окутууда курулуш уюмдары менен байланыштар

Техникалык багыттагы адистерди даярдоодо, анын ичинен курулуш тармагындагы адистерди чыгарууда алардын практикалык-өндүрүштүк билим алуулары чоң мааниге ээ. Миң уккандан бир көргөн артык демекчи, ауториялардан алган теориялык билимдерди бышыктоо максатында практикага чыгарып туруу абзел. Окуу программаларында ансыз да кесиптик практиканын ролу чоң экени белгиленген. Бул багытта республикалык, мамлекеттик курулуш уюмдары өз өнөктөштүгүн көрсөтүп келишет. 



      "Тема" телепрограммасы бул чыгарылышын курулуш тармагында арнады. Студиябызга конок болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Республикалык тастыктамалоо борборунун директору Абдыраев Жолдошбек Матенович жана техника илимдеринин кандидаты, доцент Кадаңбай Бактыгуловдор келишти. 

             Сөздү Кадаңбай Бактыгулов баштап курулуш программаларын окутууда курулуш ишканалардынын ролу канчалык бийик экенин, ошол себептүү КТМУ Кесиптик жогорку мектебинин студенттерин КРнын тактыктамалоо борборуна алып барып келгенин айтып берди.

          Ал эми Жолдошбек Абдыраев болсо Совет доорунан бери карай келе жаткан курулуш тармагындагы өндүрүштүк-практиканын шарт, жоболору кандай эле, азыр кандай болуп өзгөргөнүн, Мамлекеттик Тастыктмалоо борбору эмне жумуш кылаарын, республикадагы бардык курулуш факультеттери менен тыгыз кызматташтыкта экенин, Тастыктамалоо борборунун алдындагы атайы квалификациядан өткөрүү комитетинин иш аракеттери тууралуу баяндады. 

           Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.  

 

           МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Курулуш программасын окутууда курулуш уюмдары менен байланыштар Курулуш программасын окутууда курулуш уюмдары менен байланыштар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться