Главная > ТЕМА > Курулуш программасын окутууда курулуш уюмдары менен байланыштар

Курулуш программасын окутууда курулуш уюмдары менен байланыштар


24 мая, 14:47. Разместил: Jyldyzbek

      "Тема" телепрограммасы бул чыгарылышын курулуш тармагында арнады. Студиябызга конок болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Республикалык тастыктамалоо борборунун директору Абдыраев Жолдошбек Матенович жана техника илимдеринин кандидаты, доцент Кадаңбай Бактыгуловдор келишти. 

             Сөздү Кадаңбай Бактыгулов баштап курулуш программаларын окутууда курулуш ишканалардынын ролу канчалык бийик экенин, ошол себептүү КТМУ Кесиптик жогорку мектебинин студенттерин КРнын тактыктамалоо борборуна алып барып келгенин айтып берди.

          Ал эми Жолдошбек Абдыраев болсо Совет доорунан бери карай келе жаткан курулуш тармагындагы өндүрүштүк-практиканын шарт, жоболору кандай эле, азыр кандай болуп өзгөргөнүн, Мамлекеттик Тастыктмалоо борбору эмне жумуш кылаарын, республикадагы бардык курулуш факультеттери менен тыгыз кызматташтыкта экенин, Тастыктамалоо борборунун алдындагы атайы квалификациядан өткөрүү комитетинин иш аракеттери тууралуу баяндады. 

           Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.  

 

           МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад