Кыргыз элинин тамактануу маданияты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз элинин тамактануу маданияты

Кыргыз калкынын тамактануу маданияты менен байланышкан каада-салттары, үрп-адаттары, алтын эрежелери, керек болсо тыюулары дагы бар. Мунун баары жөн жерден пайда болгон эмес. Алар болсо адам баласынын жашоо-турмушту таанып билүүсү, түрдүү жагдайларга туш болуусу, аны өздөштүрүүсү аркылуу келип чыккан десек жаңылышпайбыз. 



           Дал ушундай кептери менен КТМУнун Туризм факультетинин ага окутуучусу Надира Турганбаева "Тема" теледолбоорунун бул чагырылыштагы маегин баштады. 

             Кыргыз элинин тамактануу маданияты темасынын алкагында Надира айым негизинен:

- дасторкон жаюу салты жана анын үстүнө коюлчу тамактардын ирети;

- дасторкон тегерегине үй бүлө мүчөлөрүнүн туура орун алуусу жана тамакты ооз тийүү тартиби;

- конок келген учурунда үй ээсинин тосуп алуусу;

- суусундук сунуу маданияты;

- устукан тартуу салты жана кыргыз протоколу;

- жиликтердин таанымы жана тартылышы ж.б. орчундуу учурларга токтолуп кетти. 

 

             Көрсөтүүнүн толук чыгарылышы менен төмөнкү видеодон тааныша аласыздар. 

 

                  МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

Кыргыз элинин тамактануу маданияты Кыргыз элинин тамактануу маданияты

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться