Кыргыз кыздар поэзиясын которуу өзгөчөлүктөрү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз кыздар поэзиясын которуу өзгөчөлүктөрү

Кыргыз аялдар поэзиясы Октябрь революциясынан кийин 1930-жылдардан баштап жазуу түрүндө чыга баштаган. Аялдардын кыргыз поэзиясына кошкон салымы чоң, кыргыз тилиндеги поэзияны өзүнүн уникалдуу маданиятын, кылымдардан бери келе жаткан тарыхый өнүгүүсүн толук жеткирүү үчүн башка тилдер аркылуу эмес, кыргыз тилинин өзүн түп нуска тил катары алуу менен англис тилине которуу азыркы убактагы максатка ылайык иш.



          "Тема" телекөрсөтүүсү конок катары филология илимдеринин кандидаты Каныкей Калиеваны кабыл алды. Каныкей Калиева акыркы учурда кыргыз кыздар поэзиясын чет тилине которуп жарыялап келген илимпоз. "Булак көрсөң көзүн ач"- демекчи Каныкей Калиева 2006-жылдары өзүнө туура багыт берип, илимий жетекчилик кылган филология илимдеринин доктору, профессор Зинаида Караеваны студияга чакырыптыр.

           Негизинен студиянын коноктору кыргыз аялдар поэзиясынын артыкчылыгы эмнеде экенин, кыргыз аялдар поэзиясын которуу иши канча этаптан турганын, которуу иштериндеги кыйынчылыктарды, көбүнчө англис тилине которулгандыктан эне тилибиз менен англис тилинин түзүлүшүндөгү айырмачылыктар, китепти басуу жана жайылтуу иштериндеги оорчулуктар ж.б. тууралуу айтып беришти. 

            Эфирдин толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот. 

 

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 

 

 

Кыргыз кыздар поэзиясын которуу өзгөчөлүктөрү Кыргыз кыздар поэзиясын которуу өзгөчөлүктөрү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться