Жыгач эмерек технологиясы жана материалдары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жыгач эмерек технологиясы жана материалдары

Жыгач - бул инженердик материал, анын булагы табигый, экологиялык жактан таза, эстетикалык, кайра жаралуучу, көп жолу колдонууга мүмкүн болгон, туруктуу, ысырапсыз каражат. Ошол эле учурда жыгач сырьёсу оңой табыла турган, жеңил, бышык жана кайра иштетүү жолу менен калыпка келтирилүүчү материал.



         КТМУнун Жогорку Кесиптик Мектебинин ага окутуучусу Мустафа Ожал "Тема" теледолбоорунун коногу болуп жыгач эмерек технологиялары, курама жыгач каражаттарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндады. 

          Программанын жүрүшүндө Мустафа агай заманбап технологиянын жардамы менен жыгачтан өндүрүлүп жаткан ДСП, МДФ, фанера, ОСП каражаттары, алардын тыгыздыгы, суу өткөрбөгөн сырткы жабуусу, ички структурасы, жасалуу ыкмалары, кайсы жерлерде колдонулгандыгы, туура эмес эксплуатацияланган учурда кандай мүчүлүштүктөр келип чыгаары ж.б. тууралуу айтып берди. 

          Ал эми коногубуздун маегин кыргыз тилине аталган Жогорку мектептин техникалык кызматкери Тумара Тургунбаева которуп берди. 

          Көрсөтүүнүн толук чыгарылышы менен төмөнкү видеодон тааныша аласыздар. 

 

          МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Жыгач эмерек технологиясы жана материалдары Жыгач эмерек технологиясы жана материалдары Жыгач эмерек технологиясы жана материалдары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться