Нанотехнология илими » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Нанотехнология илими

Нано деген сөз кичинекей деген мааниде. Биринчи жолу бир жарым метрлик динозаврларды өлчөө максатында "нанодинозавр" деген терминдер келип чыккан экен. Негизинен өлчөмдү өлчөй турган термин. 1 метрди 1 миллиардка бөлгөндөгү бөлүгү нанометр болуп саналат. Нанотехнологиянын физика, химия, медицина, инженерия жана механика сыяктуу ар кандай тармактарда колдонмолору бар.



        "Тема" теледолбоорунун бул чыгарылышынын коногу КТМУнун Инженерия факультетинин ага окутуучусу, доценттин милдетин аткаруучу, PhD доктор Эмил Өмүрзаков болду. Ал көпчүлүккө кызыктуу болгон "Нанотехнология" илими тууралуу айтып берди. 

            Көрсөтүүнүн жүрүшүндө  Нанотехнология деген эмне экенин, ал кайда пайда болгондугун, биринчи ирет илимге ким алып келгенин, нанотехнологиянын башка тармактардагы мисалдарын, өнүккөн өлкөлөрдөгү абалын, ошондой эле Кыргызстанда нанотехнология илими кандай даражада экенин баяндап өттү. 

 

            Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться