"Тема" теледолбоорунда бул ирет Кадыр түн тууралуу сөз козголду. Теология факультетинин доценти Али Йүксек конок катары келип жалпы угарман жана көрүүчүлөргө куттуу Рамазан айынын ичинде күтүлгөн Кадыр түн тууралуу, анын маани-маңызы, ошол түндө окулчу сүрөө менен дубалар, аткарылчу ибадаттар, негизинен Кадыр түндү кантип туура тосуу тууралуу баяндап берди.
Маекти кыргыз тилине которууда агайдын шакирти Абдимухаммед Рысалиев жардамчы болду.
Төмөнкү видеодо көрсөтүү толук камтылган.
МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев