Келечектүү кыргыз уикипедиясы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Келечектүү кыргыз уикипедиясы

«Ракурс»  уктуруусунун студиядагы коногу, «Биздин мурас» коомдук фонд жетекчиси, тарыхчы жана активист уикипедист Чоробек Сааданбек болду.

Кыргыз уикипедиячылар кыймылы тарыхына токтолуп өтүп, Чоробек Сааданбек бугүнкү күндө  55миңге жеткенин айтты.



Манас радиосунун түз эфирдеги баарлашуусунда, Чоробек  Сааданбек, быйыл тарых жана маданият жылында “Биздин Мурас” коому тарабынан   жүргүзүлүп жаткан жанычыл аракеттер тууралуу айтып берди. 

15январда үстүбүздөгү жылдын Уикипедиянын же дүйнөлүк энциклопедиянын 15жылдыгы белгиленип, Кыргыз уикипедиячылар кыймылынын активисти  Чоробек Сааданбек   15мыкты уикипедисттердин катарына кирген. Бүгүнкү күндө 1000ге жакын активдүү кыргызстандык уикипедисттер бар.

Кыргыз тили бүгүнкү күндө  4млн калк сүйлөгөн түрк тилинин катарына кирет жана эне тилибизди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин Кыргыз уикипедиячылар кыймылынын башатында турган Чоробек Сааданбек Уикипедиянын же дүйнөлүк энциклопедиянын 15жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө айткан.

Келечектүү кыргыз уикипедиясы Келечектүү кыргыз уикипедиясы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться