Главная > Новости "Медиа Манас" > Келечектүү кыргыз уикипедиясы

Келечектүү кыргыз уикипедиясы


21 апреля, 10:53. Разместил: aynagul

Манас радиосунун түз эфирдеги баарлашуусунда, Чоробек  Сааданбек, быйыл тарых жана маданият жылында “Биздин Мурас” коому тарабынан   жүргүзүлүп жаткан жанычыл аракеттер тууралуу айтып берди. 

15январда үстүбүздөгү жылдын Уикипедиянын же дүйнөлүк энциклопедиянын 15жылдыгы белгиленип, Кыргыз уикипедиячылар кыймылынын активисти  Чоробек Сааданбек   15мыкты уикипедисттердин катарына кирген. Бүгүнкү күндө 1000ге жакын активдүү кыргызстандык уикипедисттер бар.

Кыргыз тили бүгүнкү күндө  4млн калк сүйлөгөн түрк тилинин катарына кирет жана эне тилибизди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин Кыргыз уикипедиячылар кыймылынын башатында турган Чоробек Сааданбек Уикипедиянын же дүйнөлүк энциклопедиянын 15жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө айткан.


Вернуться назад