Кыргызтаануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызтаануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары

XVIIIк.экинчи жарымынан- XXк башына чейинки мезгилде  Борбордук Азиянын тарыхын изилдеген россиялык түркстаанучулар тарабынан кыргызтаануу маселеси жаралып, бул тармак бир канча багыттар боюнча изилденип,өнүгө баштаган. Кыргызтаануу маселесине арналып жазылган эмгектерге карата жүргүзүлгөн тарыхнаамалык анализ, аталган  илимий тармактын өнгүшүн бир канча этаптарга бөлүп кароо зарылдыгын жаратат:



        Студиянын коногу катары келген профессор, тарых илимдеринин доктору Жээнбек Алымбаев агай, "Тема" теледолбоорунун алкагында "Кыргызтаануу" түшүнүгүнүн жаралышы, изилденүү аспектилери тууралуу айтып берди. 

          1-этапта Россия империясынын чыгышка карай күчөгөн тышкы саясатынан улам, кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, билүү зарылдыгы келип чыкканын, 

        2-этапта Россия империясынын Орто Азияга карата болгон тышкы саясатынын күчөшүнө байланыштуу, геосаясий себептерден улам кыргыздар  жөнүндө маалымат топтоо, жарыялоо россиялык тарыхнаамада актуалдуу маселелердин бирине айланаганын,

              3-этапта Колониалдык бийлик системасынын орношу менен Түркестан крайынын элинин тарыхын гана эмес, элдин психологиясын, салтын, үрп-адатын, тилин, экономикасын, терең изилдөө муктаждыгы жаралганын кыскача баяндап кетти. 

               Көрсөтүүнүн толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

               МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Кыргызтаануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары Кыргызтаануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться