Главная > Новости "Медиа Манас" > Кыргызтаануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары

Кыргызтаануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары


18 апреля, 14:40. Разместил: Jyldyzbek

        Студиянын коногу катары келген профессор, тарых илимдеринин доктору Жээнбек Алымбаев агай, "Тема" теледолбоорунун алкагында "Кыргызтаануу" түшүнүгүнүн жаралышы, изилденүү аспектилери тууралуу айтып берди. 

          1-этапта Россия империясынын чыгышка карай күчөгөн тышкы саясатынан улам, кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, билүү зарылдыгы келип чыкканын, 

        2-этапта Россия империясынын Орто Азияга карата болгон тышкы саясатынын күчөшүнө байланыштуу, геосаясий себептерден улам кыргыздар  жөнүндө маалымат топтоо, жарыялоо россиялык тарыхнаамада актуалдуу маселелердин бирине айланаганын,

              3-этапта Колониалдык бийлик системасынын орношу менен Түркестан крайынын элинин тарыхын гана эмес, элдин психологиясын, салтын, үрп-адатын, тилин, экономикасын, терең изилдөө муктаждыгы жаралганын кыскача баяндап кетти. 

               Көрсөтүүнүн толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

               МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад