Кыргыз киносундагы жаш кинорежиссерлор » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз киносундагы жаш кинорежиссерлор

Кыргыз киносунун легендасы , ССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин кино тартууда айткан жакшы сөзү бар: "Сен эмнени билсең, кайсы теманы, кайсы тармакты жакшы билсең ошондон башта" деген. Мына ушул сөз учурда Кыргыз киноматографиясындагы жаш режиссёрлорго ураан сыяктуу өз таасирин тийгизип келет. 



       "Тема" теледолбоорунун бул чыгарылышында жогоруда белгиленмекчи кыргыз киносу тууралуу кеп козголду. Маектешибиз КТМУнун Коммуникация факультетинин ага окутуучусу, белгилүү кинорежиссер Стамбулбек Мамбеталиев учурдагы кыргыз киносунун атын көтөрүп жаткан жаш тасма жаратуучулар тууралуу баяндап берди. 

          Негизинен берилген убакыттын ичинде 2 сыймыктуу замандашыбыздын бейнесин ачканга аракет кылды. Алардын бири Мирлан Абдыкалыков жана анын "Сүтак" баштап тарткан эмгектеринин Эл Аралык деңгээлде алган сыйлыктары. Эгемендүү Кыргызстанга келген "Ника" кино сыйлыгынын кадыры. 

            Ал эми экинчиси Дастан Жапар уулу тарткан "Атанын керээзи" тасмасы. Бул тасма дагы Эл Аралык "А" класстагы киножарыштарда бир канча жолу башкы байгелерди багындырган. 

          Мына ушул эки режиссердун жаңыча көз караштарын, тасмаларынын кыскача мазмунун жана кыргыз киносундагы ордун белгилеп өттү. 

              Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот. 

 

              МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Кыргыз киносундагы жаш кинорежиссерлор Кыргыз киносундагы жаш кинорежиссерлор

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться