Токтобек-Сай айылындагы "Мээрман" апа » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Токтобек-Сай айылындагы "Мээрман" апа

"Чоң экран"  программасында жаш режиссер-документалист Айкөл Нурланбек уулу конокто болду. 



Эфирдин жүрүшүндө "Мээрман" даректүү тасмасынын жаралуу тарыхы, тасмадагы баш каарман жана кино тартылган Токтобек-Сай айылынын өзгөчөлүгү тууралуу кеп салды.


"Каарманды Токтогул районуна караштуу Токтобек-Сай айылынан таптык. Каарманыбыз, Мээрман апанын медициналык билими жок болсо дагы, табияттан берилген таланты менен коронавирус убагында көпчүлүк инсандарды оорудан обочолонтуп, өмүрүн сактап калган экен. Айылдагы кыркка чукул түтүндүн кандай оору менен ооруганын билет экен. Убагында биринчи жардамды көрсөтөт экен. Мээрман эне айылдын жалгыз үмүтү, баатыры. Ошол эле учурда мээрман энеси. Мындан тышкары 137 келинди төрөтүп, Киндик эне аталган жайы бар." - деп айтты.


Эскерте кетсек, Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" даректүү тасмасы бир нече эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Коногубуз Кыргыз-Түрк " Манас" университетинин радио-телевидение жана киноисскуство бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү.


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться