Кыргызстанда күнөсканаларда альтернативдүү жашылча өстүрүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда күнөсканаларда альтернативдүү жашылча өстүрүү

"Тема" программасынын кезектеги чыгарылышында Кыргызстанда альтернативдүү жашылча өстүрүү тууралуу КТМУнун айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун менен маек курдук. 



Анда альтернативдүү өсүмдүк деген эмне, күнөсканада жашылча-жемиштерди өстүрүүгө аба-ырайынын тийгизген таасири, организмди туура азыктандыруу үчүн альтернативдүү жашылчалардын мааниси деген суроолордун алкагында кеп кылынды.
Атилла Дурсун: "Кыргызстанга альтернативдүү жашылчалардын 80%ы импорттолуп келет. Бул аймакта түрдүү өсүмдүктөрдү талаада же күнөсканада өстүрүү менен каржылык чыгымдарды азайтууга толук мүмкүн. Мындан тышкары, жергиликтүү дыйкандар да суроо-талапка жараша түшүмдөрдү сатуу менен көбүрөөк акча каражат таба алышат", - деп баса белгиледи.

Эскерте кетсек, ар кыл темалардагы кызыктуу берүүлөрдү иш-күндөрү "Манас" телерадиосунда саат 11:00, 14:00 жана 16:00да угуп/көрө аласыздар.


Загрузка плеера...


Кыргызстанда күнөсканаларда альтернативдүү жашылча өстүрүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться