“Кентавр” тасмасынын эскиздеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Кентавр” тасмасынын эскиздеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот

26-апрелден 1-майга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу тасмасынын эскиздеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болуп өтөт.



Тасманын эскиздеринин үстүндө художник Адис Сейталиев иштеген. Ал эми Эркин Болжуров кино тартуу учурунун ар бир маанилүү мүнөттөрүн сүрөткө тартып калууга үлгүргөн.

Мындан тышкары тасманын жаралышы менен бирге, ошол эле жерде Талант Акынбаевдин “тасма тууралуу кино” даректүү тасмасы тартылып жатты.

Кошумчалай кетсек, “Кентавр” тасмасы дүйнөлүк кино эрежелерине ылайык тартылды. Тасманы жаратууга Франция, Германия, Япония жана Нидерланд өлкөлөрүнүн кино өкүлдөрү катышты.

Негизинен тасма өз элинин каада-салттарын сактап калуу үчүн күрөшкөн адам жөнүндө.

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться