Главная > Культура > “Кентавр” тасмасынын эскиздеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот

“Кентавр” тасмасынын эскиздеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот


18 апреля, 10:32. Разместил: sharizat

Тасманын эскиздеринин үстүндө художник Адис Сейталиев иштеген. Ал эми Эркин Болжуров кино тартуу учурунун ар бир маанилүү мүнөттөрүн сүрөткө тартып калууга үлгүргөн.

Мындан тышкары тасманын жаралышы менен бирге, ошол эле жерде Талант Акынбаевдин “тасма тууралуу кино” даректүү тасмасы тартылып жатты.

Кошумчалай кетсек, “Кентавр” тасмасы дүйнөлүк кино эрежелерине ылайык тартылды. Тасманы жаратууга Франция, Германия, Япония жана Нидерланд өлкөлөрүнүн кино өкүлдөрү катышты.

Негизинен тасма өз элинин каада-салттарын сактап калуу үчүн күрөшкөн адам жөнүндө.

 


Вернуться назад